04.10.2018 11:04

Жүргүнчү аялды балдарынын көзүнчө сабаган №302 маршруттук таксинин айдоочусу кармалды

Жүргүнчү аялды балдарынын көзүнчө сабаган №302 маршруттук таксинин айдоочусу кармалды

Милиция жүргүнчү аялды балдарынын көзүнчө сабаган №302 маршруттук таксинин айдоочусун  кармады. Бул туурасында April.kg порталына ЖКККББнын маалымат кызматынан билдиришти. 

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Кара-Балта-Бишкек каттамы менен эл ташып иштеген айдоочу салондогу аял менен кыйкырышып урушуп, анан ордунан тура калып, кол көтөргөн учуру тартылган тасма тарап кеткен.

Күбө Айдана Абдылдаева айдоочу өзүн агрессивдүү алып жүргөнүн, музыканы акырындатып коюу өтүнүчүнө орой жооп кайтарганын билдирген. 

Бул окуя боюнча Бишкек шаарынын 58 жаштагы тургуну Канатбек Кенебеков кармалды. Ал «Хост» фирмасынын айдоочусу экени аныкталды. 

Кенебеков өзүнүн туура эмес кылганын мойнуна алды. Жүргүнчү аялды табууга мүмкүн болбогондуктан, айдоочу видео кайрылуу аркылуу андан кечирим сурады.  

Учурда бардык материалдар Чүй облустук Москва районунун Ички иштер органынын тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.  Унаа айып короого токтотулду. Териштирүү иштери башталды.